Жаңылыктар
Баткен облусундагы 233 мектептин ичинен 228 мектеп интернет менен камсыздалды
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен облусундагы 233 мектептин ичинен 228 мектеп интернет менен камсыздалды

"Санарип Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруунун алкагында, Баткен облусундагы 233 мектептин ичинен 228 мектеп интернет менен камсыз болду. 

Учурда Кадамжай районундагы 3 мектепти интернет менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Жумуштар бүтсө, облустагы мектептер 100 % интернет менен камсыздалат. Техникалык себептерге байланыштуу интернетке туташтыруу мүмкүнчүлүгү жок 2 мектеп бар. 

Бири Кадамжай районундагы Көтөрмө аймагындагы Кара-Шоро башталгыч мектеби. Экинчиси Зардалыдагы Сүйүнов атындагы башталгыч мектеп. Санариптештирүүнүн алкагында, ата-эне менен баланын, мектептин ортосунда байланышын чындоо максатында электрондук күндөлүк, электрондук журнал менен 166 мектеп иш алып барууда. Аймакта 3 мектеп инновациялык мектептердин катарына кирет.