Борбор калаанын ооруканаларында коронавируска чалдыккандарды дарылоо үчүн 256 орун бар.
Республикалык инфекциялык ооруканада 194, фтизиатрия борборунда 19, №2 төрөт үйүндө 19, хирургия борборунда 8, онкология жана гематология борборунда 7, кардиология жана терапия борборунда 1 орун бош турганын саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.