Бишкектеги эки мектептин окуучуларынан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, иликтөө учурунда окуучулардын үйүндө вирус жугузуп алгандар болгон. Учурда балдар менен бир класста окугандар эки аптага аралыктан окууга жиберилди. Ал эми мугалимдер ПЧР-тест тапшырууга жөнөтүлдү, - деп айтылат маалыматта.
Мэрия ата-энелерге үйдө коронавируска чалдыккандар болсо, тез арада мектепке кабар берип, баланы бардык текшерүүдөн өткөндөн кийин гана окууга жиберүүгө чакырды.
Эске салсак, Бишкекте 18-январдан тарта 1-5-9-11-класстардын окуучулары мектепке бара баштаган.