Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясы зер буюмдарына бирдиктүү эн белги салуу жана тастыктоо талаптарын жактырды. Бирок Евразия биримдигине кирген мамлекеттер ортосунда аны алып жүрүүдө кездешкен мүчүлүштүктөрдү белгиледи. Талапка ылайык, эми ата мекендик асыл буюмдар ЕАЭБ базарына тоскоолдуксуз чыга алат.
Азамат зергерчилик менен алектенгенине 10 жыл болду. Ортодо бир жыл Москвада асыл буюмдарды чыгаруучу заводдо эмгектенип келген. Колунан көөрү төгүлгөн уста шөкөттөлгөн кооз буюмдардын дээрлик баарын жасай алат. Ал эми өндүрүлгөн зер буюмдар сыртка тоскоолдуксуз сатыкка чыкса ишим илгерилейт деп кубанууда.