Бишкекте “Өзүңдү тааны” долбоору старт алды. Саамалыктын алгачкы коногу Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Асылбек Өзүбеков болду.
Жаштар таланттуу инсандын өнөрүнө жана жан дүйнөсүнө баш багып, маектешүү кызыктуу өттү. Конок улан-кыздардын кызыктырган суроолоруна гана жооп бербестен, келечек муундун өкүлдөрүнө акыл-насаатын айтып, өнөрүн тартуулады. Иш-чарага маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков катышты. Министр, илдеттин көрсөткүчү азайса, бул долбоор аймактарга жайылаарын билдирди.
Белгилей кетсек, долбоор Маданият маалымат жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулуп, ал ар жума сайын өткөрүлүп турат.