Кыргызстандын жарандарына 2021-2022 окуу жылына карата Россияда окуу үчүн бюджеттик орундар бөлүндү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Документтерди кабыл алуу ушу жылдын 20-январынан 20-февралына чейин education in russia сайтында жүргүзүлөт. Белгиленген мөөнөттөн кечирээк жөнөтүлгөн документтер кабыл алынбайт. Россиянын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн талапкерлерди кабыл алууну, аталган өлкөнүн адистери жүргүзөт.