Жаңылыктар
Россиялык “Мешок” интернет-аукционунда кыргыз сому аукционго коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Россиялык “Мешок” интернет-аукционунда кыргыз сому аукционго коюлду

Россиялык “Мешок” интернет-аукционунда юбилейлик 100 сомдук купюра сатыкка коюлду. Анын баштапкы баасы 2 миң 200 рубль, тагыраагы 2 миң 500 сом. 

Улуттук банктын маалыматына караганда, 100 сом номиналындагы банкнота 2014-жылы Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата чыгарылган. Бетинде "Токтогулга 150 жыл" деген жазуусу бар. Сериялык номери улуу акындын инициалдарынан башталат. Мындай банкнотадан 3 миң даана чыгарылган. Бардыгы Кыргызстанда төлөм каражаты болуп эсептелет.