Эски Kонтролдук-кассалык машина үлгүлөрүн колдонууга тыюу салуу мөөнөттөрү 2021-жылдын 1-апрелине чейин узартылды.
Тийиштүү чечимге Премьер-министрдин, вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койду. Чечим Ковид-19 пандемиясынын кесепеттеринен улам келтирилген экономикалык зыянга учураган бизнести колдоо максатында кабыл алынды. Өкмөт 2020-жылдын 24-июнунда "Салык жараяндарын фискалдаштыруу системасын электрондоштуруу боюнча чаралар жөнүндө" токтом кабыл алган.
Ага ылайык, 2021-жылдын 1-январынан тарта контролдук-кассалык машиналар каттоого алынбайт, жаңы техникалык талаптарга ылайык келбеген ККМ жабдыктары реалдуу убакытта салык кызматынын серверинде колдонулбайт. Эски ККМ-онлайн моделдерин каттоого тыюу салуунун жана колдонуунун мөөнөтүн 2021-жылдын 1-апрелине чейин узартуу чечими кабыл алынды.