Быйыл санариптештирүүнүн алкагында айдоочулук күбөлүктөрдү жана унаалардын паспортторун электрондук түргө өткөрүү пландаштырылууда. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.
Аталган долбоор пилоттук негизде адегенде Бишкек шаарында башталат. Унаа башкарган адамдар бет түзүлүшү аркылуу идентификацияланып, келечекте айдоочунун күбөлүгүн жана унаанын документин каттоо электрондук түргө өтүүгө мүмкүндүк берет. Электрондук документтер мобилдик тиркемелер аркылуу сунушталат.
Өткөн жылы "Унаа" ишканасы тарабынан унааларга 413 миң 218 мамлекеттик номер белгилери, 250 миң 38 транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүктөр берилген. Ал эми эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк алгандардын саны 189 миң 526 адам.