Коронавируска каршы калкты эмдөө үч баскычта жүгүзүлөт. Биринчи кезекте медицина кызматкерлери, андан кийин жумушуна байланыштуу тобокелдик тобуна кирген жана калкка тейлөө кызматын көрсөткөн адамдар эмделет. Учурда Саламаттык сактоо министрлиги эмдөөнү ишке ашыруу планын түзүп, тийиштүү эсептөөлөрдү каржы министрлигине жиберди.