Жаңылыктар
ЕАЭБдин бажы аймагына мыйзамсыз келген дары-дармектер кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
ЕАЭБдин бажы аймагына мыйзамсыз келген дары-дармектер кармалды

ЕАЭБдин бажы аймагына мыйзамсыз ташып келген дары-дармектер кармалды. 

Товар "Манас" бажысынын кызматкерлери тарабынан 21-январда аба майдандын убактылуу сактоочу кампасынан табылган. Кыргызстандык жаранга үчүнчү өлкөдөн жалпы салмагы 30 кг ашуун декларацияланбаган ар кандай дарынын түрү, медициналык буюмдар жана 27 куту кальян тамекиси табылган. 

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.