Жаңылыктар
Космосбек Чолпонбаев мартка чейин үй камакта калат
Кыргызстан жаңылыктары
Космосбек Чолпонбаев мартка чейин үй камакта калат

Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 15-мартка чейин үй камагында болот. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди. 

Баш коргоо чарасын узартуу боюнча чечим ушул райондук сотто кабыл алынган. Эске салсак, 2020-жылдын 15-сентябрында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Чолпонбаевди кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп кармаган. Чолпонбаев элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген макулдашууну билип туруп түзгөн деп шектелип жатат. Ал — мамлекеттик бюджетке 65 миллион сом зыян келтирген кеп-кеңеш бере турган кызмат көрсөтүү болгон. Мурдагы министр кармалган соң Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган. 2020-жылдын 22-октябрь күнү №1 тергөө абагынан жүрөгү кармап, ооруканага түшкөн.

Ноябрь айында анын жүрөгүнө операция жасоо керектиги айтылып, кийинчерээк Бишкек шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган. Чолпонбаев 2018-жылдын 20-апрелинен 2020-жылдын 1-апрелине чейин Саламаттык сактоо министрлигин жетектеген.