Премьер-министрдин, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков саламаттык сактоо тутумундагы актуалдуу маселелер боюнча кеңешме өткөрдү. Новиков, көзкарандысыз жумушчу топ саламаттык сактоо тутумундагы бир катар көйгөйлөрдү ачыктаганын белгилеп, дарыгерлер, волонтерлор дүйнөнүн бир дагы мамлекети COVID-19га даяр болбогондугуна карабастан, адамдардын өмүрүн сактап калууга болгон аракетин жумшап жатканын айтты.
Учурда медиктерди жазалоо, же жоопкерчиликти кимдир-бирөөгө оодаруу милдети турган жок. Саламаттык сактоо тутумун модернизациялоонун жана эпидемияга жооп кайтаруунун так планын иштеп чыгуу керек. Негизги милдет катары аталган маселелерди чечүүгө тыкыр кадамдар жасалат. Көз карандысыз комиссияны түзүүнүн максаты – 2020-жылдын июнь–июль айларындагы түзүлгөн кырдаалдын себебин объективдүү талдоого алуу, ошондой эле келечекте мындай окуялардын алдын алуу максатында конкреттүү чараларды жана сунуштарды иштеп чыгуу.