Товар "Манас" бажысынын кызматкерлери тарабынан 21-январда аба майдандын убактылуу сактоочу кампасынан табылган. Кыргызстандык жаранга үчүнчү өлкөдөн жалпы салмагы 30 кг-дан ашуун декларацияланбаган ар кандай дарынын түрү, медициналык буюмдар жана 27 куту кальян тамекиси табылган.
Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.