Мыйзамсыз байыган деп кармалган Каржы полициясынын Ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын башчысы Айбек Токоев эки айга камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.
20-январда сот Токоевдин баш коргоо чарасын карап, 18-мартка чейин УКМКнын тергөө абагына киргизүү чечимин кабыл алган. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Айбек Токоевди 18-январда кармаган. Ал 2014-2020-жылдар аралыгында көптөгөн кыймылсыз мүлктөргө ээ болгону, алар анын жакын туугандарына көмүскө түрдө катталганы айтылат. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, кыймылсыз мүлктөрү жана финансылык активдери 4 миллион долларга бааланып, мыйзамдуу кирешесине дал келген эмес.