Кыргызстандыктар кайрадан почта түйүндөрү аркылуу жарык үчүн төлөмдөрдү жүргүзө алышат. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Күн мурун "Кыргыз почтасы" менен "Түндүк электрдин" ортосунда төлөм кабыл алуу боюнча келишимге кол коюлду. Эми электр энергияга болгон төлөмдү «Кыргыз почтасынын» бардык бөлүмдөрүнөн кабыл алуу мурдагыдай эле комиссиясыз жүргүзүлөт. Эске салсак, 14-январдан тарта эки ишкананын ортосунда түзүлгөн келишимдин мөөнөтү соңуна чыккандыгына байланыштуу электр энергияга болгон төлөмдү почта бөлүмдөрүнөн кабыл алуу токтотулган.