Жаңылыктар
Киши ташуучу жеке компаниялар жол кирени 20 сомго чейин көтөрүүнү талап кылышууда
Кыргызстан жаңылыктары
Киши ташуучу жеке компаниялар жол кирени 20 сомго чейин көтөрүүнү талап кылышууда

Киши ташуучу жеке компаниялардын жетекчилери Бишкектеги кичи автобустарда жол кирени 20 сомго чейин көтөрүүнү талап кылышты. Буга чейин мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев бул талап акырындык менен ишке ашарын айткан. 

Түлөбаев Бишкек шаарынын мэриясынын алдында транспорттук саясат боюнча кеңеш түзүүнү тапшырды. Ал борбор калаанын транспорттук тутумун реформалоо үчүн жарандардын, айдоочулардын, муниципалдык кызматкерлердин жана жеке транспорттук компаниялардын жетекчилеринин жолугушуусу үчүн аянтча болуп бермекчи. 

Эске салсак, маршруттук унаалардын айдоочулары жол акыны көтөрүү талабын коюп, айрымдары жумушка чыккан эмес. Ал эми компаниялардын директорлору айдоочулардын иш таштоосун үчүнчү жактар уюштуруп, жамааттардын ичиндеги кырдаалды туруксуздаштырууга аракет кылышканын билдирген. Шаар мэринин милдетин аткаруучу унаа парктарына материалдык зыян келтиргендер жана кичи автобустардын айнектерин сындыргандар мыйзам чегинде жооп берерин кошумчалаган.