Коомдук ишмер, профессор Роза Айтматова менен жазуучу Асан Ахматовдун "Ата-Бейит" китебинин бет ачары болду. Иш-чара Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада өтүп, ага коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү, авторлордун жакындары жана коноктор катышты.
Басылма Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы тарабынан "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү" күнүнө карата мамлекеттик жана расмий тилде 500 нускада чыгарылды. "Ата-Бейит" китеби 1930-жылдардагы сталиндик репрессиянын курмандыктарына арналат. Анда бир үй-бүлөнүн турмушу, адамдардын тагдыры аркылуу массалык репрессиянын жүрүшү чагылдырылган. Авторлордун айтымында, басылма тарыхый булак катары да баалуулукка ээ. Ошондой эле китептин бет ачарында конокторго "Эстелик" аттуу даректүү видео тасма да көрсөтүлдү.