Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди жүргүзүү кызматы машыгуу өткөрдү. Мындай иш-чаралар кышкысын сууга чөгүп кеткендерди куткаруу иштерине кызматкерлер ар дайым күжүрмөн даярдыкта болуусуна өбөлгө болот.
10 жылдан бери суучул-куткаруучулук кесипти аркалап келе жаткан Азамат Токтоналиев өзүнө берилген тапшырманы так жана ыкчам аткарды. Муз үстүндө жасалган биринчи кудуктан суу астына кирип, белгиленген мөөнөттөн кечикпей, суу астында чалгындоо иштерин жүргүзүп чыкты.
Мындай иш-чаралар кыш мезгилинде сууга чөгүп кеткен жарандарды куткарууга жардам берет. Куткаруучулар муздак сууга кирип, денени көндүрүүсүнө өбөлгө болот. Анткени суучул-куткаруучулар суу астында издөө иштерин жүргүзүү үчүн дайым даяр болушу керек.
Суучул-куткаруучулар жылына эки ирет медициналык кароодон өтүп турат. Анткени алардын ден соолугу мыкты болушу шарт. Ар дайым сууга кирер астында да кан басымы текшерилип, куткаруучунун абалы дайым көзөмөлдө болот.