Жаңылыктар
Жалал-Абад облусунда калктын электр энергиясын колдонуусу кескин өстү
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад облусунда калктын электр энергиясын колдонуусу кескин өстү

19 күн ичинде Жалал-Абад облусунда 154 млн 915 434 киловатт саат электр энергия колдонулду. Иштетилген электр тогу берилген лимиттен 7 млн 651 миң киловатт саатка көп. Адистердин айтымында, электр жабдууларын колдогондор көп болуп жатыптыр.

Ошол эле учурда Жалал-Абад шаарында электр энергияны бир айда 42 369 сомго чейин иштеткен жарандар бар. Ал эми көп кабатуу үйлөрдө эң көп пайдалангандар 8 миңден 10 миң сомго чейин жетет. Негизинен техникалык шарт боюнча, ар бир керектөөчү менен келишим түзүлүп, колдонуу тартиби көрсөтүлгөн. Бүгүнкү күндө керектөөчүлөр тарабынан ал талаптар сакталбай жатат.