"Кыргызстан Улуттук электр тармагы" ишканасы жарандарды электр жарыгын ыксыз пайдаланбоого чакырууда. Мекеме жакынкы күндөрү боло турган сууктан улам энергияны керектөө жогорулап, жабдууларга кыйынчылык келет деп кооптонуп жатат. 6-январь күнү электр энергиясын суткалык керектөө Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу эң жогорку чекке жеткен.