Жумушсуз жүргөндөрдү колдоо катары кыска мөөнөттүү окутуу курстары башталды. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан уюштурулуп жаткан окуу февраль айында республиканын бардык аймактарын камтыйт. Ага жашы 16дан жогору жарандар, каалаган кесипти кыска убакытта окуп, үйрөнсө болот. Бир айдан алты айга чейинки курстар 3 миң сомдон өйдө болсо, айрымдары бекер үйрөтүлөт.