Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 21-январда "Кыргыз Республикасынын премьер-министри менен өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө" жарлыкка кол койду.
Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта жарлык 20-январда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын расмий жарыялаганы жана анда шайланган президент Садыр Жапаровдун премьер-министрлик кызматын тапшыруу боюнча арыз бергенине байланыштуу чыкканы белгиленген.
Талант Мамытов "Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө" мыйзамдын негизинде Жапаровдун арызын кабыл алып, аны кызматынан бошоткон. Жарлыкка ылайык, өкмөттүн учурдагы курамы отставкага кетти деп эсептелинет.
Ошол эле кезде өкмөт мүчөлөрү жаңы курам түзүлгүчө кызматтык милдеттерин аткара берет. Жаңы курам куралып, ишке киргиче премьер-министрдин милдетин аткаруу биринчи вице-премьер-министр Артём Новиковго жүктөлдү.