Жаңылыктар
Бишкекте Роза Айтматованын "Атам жөнүндө" эскерүү китебинин бет ачары өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте Роза Айтматованын "Атам жөнүндө" эскерүү китебинин бет ачары өттү

Бүгүн, 21-январда А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасында Роза Айтматованын "Атам жөнүндө" эскерүү китебинин бет ачары болуп өттү.  Бул китеп Кыргызпатент тарабынан  2020-жылы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата мамлекеттик жана расмий тилде 500 нускада чыгарылган. 

2020-жылы болгон Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын утурлай Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргызпатент Роза Айтматова менен Асан Ахматовдун “Каткелди” (“Маленький почтальон”) деген китептерин мамлекеттик жана расмий тилде 1000 нускада басмадан чыгарган.

Бул согуш маалында чоңдор менен катарлаш иштеген Каткелди деген өспүрүмдүн тагдыры, анын жаш башына түшкөн оор сыноолорду жеңип чыккандыгы жөнүндө автобиографиялык китеп. Совет эли менен чогуу кыргызстандыктар дагы Улуу Ата мекендик согушта жеңип чыгууга фронтто болобу, оорукта болобу татыктуу салымын кошушкан.

Коомдук ишмер Роза Айтматованын “Атам жөнүндө” (“Мой отец как государственный деятель”) деген эскерүү китеби кыргыз мамлекеттүүлүгүн жана республиканын өнөр жайын түптөп, ХХ кылымдын 30-жылдары респрессияланган мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматовдун өмүрүнө жана ишмердигине арналган. Өз алдынчалуулугун көрсөтүп, эл кызыкчылыгында саясат жүргүзгөндүгү үчүн ал өмүрүн берген.

Улуттук интеллигенциянын көрүнүктүү өкүлдөрүн, чарбачылдарын жана мамлекеттик ишмерлерди репрессиялоо жаш советтик кыргыз республикасынын өнүгүшүн кыйындатып, артка жиреген. Репрессиялангандардын көпчүлүгүнүн тагдыры бүгүнкү күнгө чейин белгисиз бойдон калууда. Роза Төрөкуловна Айтматова Төрөкул Айтматовдун кызы болгондугу үчүн өтө кызыгуу менен архив документтерин, үй-бүлөсүнүн сүрөттөрүн, өзүнүн эскерүүлөрүн кынаптап чогултуп, ушул китепте берген.