Жаңылыктар
Ысык-Ата районунда милициянын көчмө кабылдамасы Киргшелк айыл элинин көйгөйлөрүн укту
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Ата районунда милициянын көчмө кабылдамасы Киргшелк айыл элинин көйгөйлөрүн укту

Ысык-Ата районунда милициянын көчмө кабылдамасы Люксембург айыл өкмөтүнө караштуу Киргшелк айылынын тургандары жана активисттери менен жолугушушту. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушууда жергиликтүү тургундар райондук милицияга жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бир нече көйгөйлөрүн жеткиришип андан сырткары кызыктырган суроолорун узатышып жоопторду ала алышты. Киргшелк айыл тургундарын түйшөлткөн маселелердин бири негизги трассадан аталган айылга кирген жолдо светофордун жоктугун белгилешти. Ал жолдон кесип өтүү жөө жүргүнчүлөргө жана айдоочуларга көп кооптонууларды жаратып жаткандыгын белгилешип ошол маселени чечип берүүнү суранышты. Бул маселени РИИБдүн башчысы көзөмөлүнө алып, тиешелүү кызматтар менен сүйлөшүп жакынкы убакта жооп бере тургандыгын билдирди. Андан сырткары таштанды, жолдун абалы жана башка маселелери тууралуу 3 жаран арыз менен көчмө кабылдамага кайрылышты. Ал арыздар башка мамлекеттик кызматтарга тиешелүү болгондуктан алардын кароосуна жөнөтүлдү.