Жаңылыктар
Бишкекте балык кармоо боюнча мелдеш өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте балык кармоо боюнча мелдеш өтөт

Балык спортун жайылтуу максатында, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Балык чарба департаменти жана Чүй-Бишкек балык уулоочулар жана балыкчылардын коомдук бирикмеси муз үстүндө балык кармоо боюнча 2021-жылдын 23-январында мелдеш өткөрөт.

Иш-чара Төмөнкү-Ала-Арча каналынын суу сактагыч-3 өтөт, мелдешке балык уулоону сүйүүчүлөрдүн 10дон ашык командасы катышат.

«Быйыл министрлик мелдештин уюштуруучусу болуп саналат. Мындай иш-чаралар сергек жашоону жайылтуу жана Кыргызстанда балык уулоо спортун өнүктүрүү максатында өткөрүлүп жатат. Биздин өлкөдө спорттун бул түрүн жигердүү өнүктүрүүгө бардык шарттар түзүлгөн жана учурда Балык чарба департаменти дарыя сууларында жашоочу осман жана форел балыктарын кармоого уруксат билеттерин берет», - деди Балык чарба департаментинин директору Эдил Ниязов. 

Мелдеш 2021-жылдын 23-январында саат 9.00дө командаларды түзүлүп, саат 9.30да башталат. Сынакка катышуу үчүн Чүй-Бишкек балык уулоочулар жана балыкчылар коомдук бирикмесинин кеңсесине тапшырылат. Команда капитанды кошкондо 4 адамдан турушу керек.