Бишкек шаарында жана Чүй облусунда сатылып жаткан көмүрдүн экологиялык стандарттарына шайкештиги жана радиациялык фонун текшерүү иш чарасы жүргүзүлдү.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиковдун протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында, Мамэкотехинспекциянын Бишкек шаары боюнча региондор аралык Башкармалыгы, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда сатылып жаткан көмүрдүн экологиялык стандарттарына шайкештиги жана радиациялык фонун текшерүү үчүн бир катар көмүр жүктөө станцияларына мониторинг жүргүзүлдү. Көмүрдүн радиациялык фонун ченөө иштери ДКС-АТ1121 дозиметри менен жүргүзүлдү.
Ченөөлөрдүн жыйынтыгында, төмөнкү 6 ишкердик субъекттериндеги көмүрдүн радиациялык фону, Кыргыз Республикасынын “Радиациялык коопсуздук боюнча техникалык регламентинде” көрсөтүлгөн нормадан ашык болбогондугу аныкталды.