Жаңылыктар
Акыркы бир күндүн ичинде коронавирустан эки бейтап көз жумду
Кыргызстан жаңылыктары
Акыркы бир күндүн ичинде коронавирустан эки бейтап көз жумду

Акыркы бир күндүн ичинде коронавирус 155 адамдан табылып, эки бейтап көз жумду. Каза болгондор Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары. 

Бишкекте коронавирус – 42 адамдан, Ош шаарында - 6, Чүй облусунда – 63, Ош облусунда - 12, Нарын облусунда - 6, Талас облусуда - 1, Ысык-Көл облусунда - 11, Жалал - Абад облусунда – 11, Баткен облусунда – 3 кишиден табылган. Ошондой эле, бир сутка ичинде 136 адам коронавирустан айыгып чыкты. Учурда стационарларда 708 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 44 адам дарыланууда. Ал эми бир күндүн ичинде 2 миң 879 ПЧР изилдөө жүргүзүлдү. Өлкөдө пандемия башталгандан бери 83 миң 585 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 79 миң 509 киши айыгып чыкса, 1 миң 394 адам каза болду.

"Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учур катталган жок. Үй карантининен бир медик айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 161 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 67 медкызматкер айыгып чыкты",- деп билдирди Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова.