Жаңылыктар
Жаңы шайланган президенттин ант берүү аземине даярдык башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы шайланган президенттин ант берүү аземине даярдык башталды

Жаңы шайланган Президенттин кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Тиешелүү жарлыкка Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов кол койду.

Жарлыкка ылайык, комитет 28-январда өтө турган жаңы шайланган Президенттин кызматка киришүү аземин даярдап, өткөрүүнү уюштурат. Комитеттин курамында Президенттин Аппарат Жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков бар.