Жаңылыктар
МИК: 2020-жылдан тарта арыздарды кабыл алуу үчүн электрондук портал ишке кирди
Кыргызстан жаңылыктары
МИК: 2020-жылдан тарта арыздарды кабыл алуу үчүн электрондук портал ишке кирди

Азыр мамлекеттик ипотека алуу үчүн документтерди тапшырууга болгону жарым саат убакыт талап кылынат. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Элмира Абжапарованын айтымында, былтыркы жылдан тарта арыздарды кабыл алуу үчүн электрондук портал ишке киргизилген.

Мурда документтерди тапшырууга үч айдай убакыт кетсе, азыр уюлдук телефондун жардамы менен документтер алынат. Портал "Түндүк" системасына кошулган. Бул багытта бир топ өнүккөн Азербайжан менен тажрыйба алмашуу болууда.