Жаңылыктар
ЕАЭБ өлкөлөр ортосундагы транспорттук байланыш каттамдарын калыбына келтирүү аракети көрүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
ЕАЭБ өлкөлөр ортосундагы транспорттук байланыш каттамдарын калыбына келтирүү аракети көрүлүүдө

5-февралда Алматы шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны болору күтүлүүдө. Бул тууралуу брифинг учурунда Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасынын жардамчысы Ия Малкина билдирди. 

Ошондой эле ал ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы толук кандуу транспорттук байланыш каттамдарын калыбына келтирүү үчүн Комиссия сунуш кылган критерийлер жөнүндө айтып берди. Малкинанын айтымында, ЕЭК Коллегиясы 19-январда жүргүнчүлөрдү ташуучу темир жол кыймылында коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча методикалык сунуштарды бекитти. Документте поезддердеги жана станциялардагы ишти уюштуруу, анын ичинде алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү боюнча сунуштар камтылган. Бул байланышты калыбына келтирүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган биринчи кадам.

“Коранавирустун жайылуусунун алдын алуу үчүн, кызматкерлерди жеке коргонуу жана антисептик каражаттары менен камсыз кылуу, жүргүнчүлөр менен кошо социалдык аралык талаптарын сактоо сунушталат. Ошондой эле, Кеңештеги талкуудан кийин COVID-19га каршы эмделген жүргүнчүлөрдү ташуунун шарттары жөнүндө маселени иштеп чыгуу чечими кабыл алынды", - деди ЕЭК коллегиясынын төрагасынын жардамчысы Ия Малкина.