Жаңылыктар
Руслан Казакбаев Ош шаарын өнүктүрүү, инвестиция тартуу боюнча онлайн жыйын өткөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Руслан Казакбаев Ош шаарын өнүктүрүү, инвестиция тартуу боюнча онлайн жыйын өткөрдү

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Ж.Турганбаев Тышкы иштер министри Р.Казакбаевдин КР Өкмөтүнүн облустардагы жана шаардык администрациялардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен онлайн режиминдеги жолугушуусуна катышты.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин КР Өкмөтүнүн облустардагы жана шаардык администрациялардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин, Каржы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги жетекчилигинин катышуусу менен онлайн режиминде жолугушуусу болуп өттү.

Онлайн режиминдеги жолугушууда спикерлер төмөнкү маалыматтарды беришти:

- 2019-2020-жылдарга тартылган инвестициялар;

- региондун артыкчылыктуу тармактары (экспортко багытталган продукциялардын тизмеси, ички суроо-талап,  экспорттук потенциал (экспортко чыгарылган продукциянын көлөмү);

- конкреттүү өлкө менен эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү боюнча конкреттүү сунуштар;

- көйгөйлүү суроолор жана сунуштар.

Иш-чарага биринчи вице-мэр Жылдызбек Турганбаев катышып, Ош шаарында болуп жаткан алгылыктуу иштер жөнүндө маалымат берди.

Жыйындын алкагында Ош шаардык мэриясынын тышкы байланыштар жана аналитика бөлүмү кызматташуу жана Ош шаарына инвестицияларды тартууга көмөктөшүү боюнча бир катар сунуштарын берди.