Мыйзамсыз мамлекеттик чек араны кесип өткөн коңшу өлкөнүн жараны Чүй облусунун ИИББнын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан кармалды.
Чүй облусунун ИИББнын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматкерлерине мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп жүргөн коңшу өлкөнүн жараны Чүй облусунун аймагында жашырынып жүргөнү тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалымат боюнча 19-январь күнү Кемин районундагы айылдардын биринде жашап жүргөн жеринен 1989-жылы туулган К.А. аттуу коңшу өлкөнүн жараны кармалган.
Жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин натыйжасында жогорудагы жаран 2020-жылдын сентябрь айларында чек арандан мыйзамсыз өткөнү жана ал өз өлкөсүндө бир нече жолу соттолгону маалым болгон. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 358-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча катталып, чогултулган материалдар, Кыргыз Республикасынын УКМКнын Чүй облустук башкармалыгына өткөрүлүп берилген.