Жаңылыктар
Чаткалдын Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун Капчыгай тилкесине түшкөн кар көчкү тазаланды
Кыргызстан жаңылыктары
Чаткалдын Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун Капчыгай тилкесине түшкөн кар көчкү тазаланды

Чаткал районунда 20-январь күнү cаат 10:00 чамасында Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 4-9-чакырым аралыгындагы Капчыгай тилкесинде 1050м3 кар көчкү түшүп, унаа жолу жабылган. Жабыркагандар жок. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы билдирди. 

Тазалоо иштерине 1 жүктөгүч, 1 грейдер тартылды. Тартылган техникалардын жардамында саат 13:30да унаа жол толук тазаланып ачылган.