Кыргызстанда көмүр өндүрүү республиканын отун-энергетикалык комплексинин алдыңкы тармактарынан. Акыркы он жылда өлкөдө көмүр казуунун көлөмү дээрлик төрт эсеге өскөн. Бирок,көмүр кендерин иштетүү мамлекеттик деңгээлде жөнгө салынбагандыктан, кара алтындын өнөр жай корун өздөштүрүү деңгээли өтө төмөн.
Өкмөт эми буга көңүл буруп, көмүр өндүрүү, экспортко чыгаруубоюча атайын программа иштеп чыкмай болду.
Азыркы учурда Кыргызстан жылына 2,5 млн тоннага жакын көмүр керектейт. Анын 1 млн 100 миң тоннасы Бишкек жылуулук борборуна, дагы ушунча көлөмдөгү көмүр калктын керектөөсүнө кетет. Бюджеттик мекемелер 350 миң тонна жагат. Мамлекеттик мекемелерге керектелүүчү көмүрдүн бир бөлүгүн ташыган - Кыргыз көмүр ишканасы.