Жаңылыктар
Өлкөнүн мектептери кадимки режимде билим берүүнү баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөнүн мектептери кадимки режимде билим берүүнү баштады

Өлкөнүн мектептери кадимки режимде окутуп баштады. Бишкек шаарынын билим уяларында 1-5-9-11-класс окуп жатат. Арасында онлайн окугандар да бар. Биздин чыгармачыл топ Бишкек шаарындагы мектептердин бирине барып келди.

Борбор кааладагы №27 мектептин 9-классынын окуучусу Мадина Балтабаева онлайн окууга караганда оффлайн окууну жактыраарын айтат. Ден соолукка кооптулугу болбосо, мугалимдердин маңдайында отуруп билим алуудан өтөөрү жок,- дейт. 

Өлкөнүн мектептеринде салттык окутуулар башталып, учурда 1-5-9- жана 11-класстардын окуучулары окуп жатышат. Алардын коопсуздугун сактоо максатында ар бир класс эки топко бөлүнүп билим алууда.