Көптөгөн кайрылуулардан улам Россиянын Кыргызстандагы элчилиги, өлкөгө учуп кетүү боюнча түшүндүрмө берди. Биринчи кезекте жүргүнчүнүн коронавируска тапшырган тестинин жыйынтыгы болушу шарт. Москвага кыргызстандыктар жумасына бир жолу уюшулган түз каттамдар менен гана чектөөсүз учуп бара алышат. Калган маршруттар үчүн талаптар бар.
Пандемиядан улам учурда Россиянын ири шаарларына 5 гана авиакомпаниянын учагы каттап жатат. “Аэрофлот” жана “Авиа Траффик” компаниялары Москвага апта сайын жума күнү бир жолу туруктуу жүргүнчү ташыйт. Бул түз каттам менен биздин жарандар чектөөсүз уча алат. Башка күндөрү деле сапарга чыкса болот, бирок ал үчүн төмөнкү эрежелерди билүү зарыл.