Жаңылыктар
Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү Мурсалым Умырзаков кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү Мурсалым Умырзаков кармалды

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган Мурсалым Умырзаков кармалды. 

Министрликтин маалыматына ылайык, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ИИМдин жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери менен биргеликте ыкчам иликтөө жана ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Анын алкагында, "Карышкыр" каймана аты менен таанылган Мурсалым Умырзаков кармалып, мындан аркы териштирүү иштерин жүргүзүүгө Тергөө кызматына жеткирилди.