Жаңылыктар
Жалал-Абад облусунун Красная Горка - Ак-Таш унаа жолундагы Капчыгай тилкесинде кар көчтү
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад облусунун Красная Горка - Ак-Таш унаа жолундагы Капчыгай тилкесинде кар көчтү

Бүгүн Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Красная Горка – Ак-Таш унаа жолунун 4-9-чакырымдарындагы Капчыгай тилкесинде кар көчтү. 

Болжол менен 1000 метр куб кар көчкү түшүп, унаа жолу жабылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, тазалоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн 1 жүктөгүч, 1 грейдер жана 5 кызматкер тартылды. Жабыркагандар жок. Кошумча маалымат берилет.