Ырчы Самара Каримованын музыкалык окуу жайдын директору кызматын кайтарып алуу боюнча соттун чечими күчүн жоготту. Бул туурасында анын арызын караган Бишкектин Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.
Буга Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Бишкек шаардык сотуна даттанганы себеп болду. Министрликтин соттогу ишенимдүү өкүлү Самара Каримова мурдагы министр тарабынан бекитилгенин жана иштин эки жылдан кийин каралганы мыйзамсыз болгонун жүйө келтирген. Эске салсак, КРнын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Оштогу Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайына соттун чечими менен директор болуп барган.
Бирок аны эмгек жамааты кабыл албай, бир топ талаш-тартыш жаралган. Ырчы аталган музыкалык орто окуу жайына директор болуп 2018-жылдын октябрында дайындалып, эки күндөн кийин ал буйрук кайра жокко чыгарылган. Ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов дайындоо мыйзамсыз болгонун билдирген. Каримова экс-министрдин чечимин сотко берип, утуп алганы быйыл 13-январда маалым болгон.