Унаа жана жолдор министрлигинин алдындагы Автотранспорт агенттигинин Бишкек шаардык башкармалыгы 18-19-январь күндөрү жумушка чыкпай койгон маршруттук кичи автобустарды текшерүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө "Восточный экспресс", "Дордой-Транс", "Узар-Вест" компаниялары аныкталып, эскертүү берилди. Башка шаардык маршруттар боюнча да текшерүү уланып, айдоочулук курамга түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Башкармалык эгер ушундай учурлар дагы кайталанса, мыйзамга ылайык, айып пул салуу, лицензиясынан ажыратуу сыяктуу чаралар көрүлө турганын эскертти.