Жаңылыктар
Кувейт - Бишкек - Кувейт жаңы үзгүлтүксүз авиакаттамы ачылат
Кыргызстан жаңылыктары
Кувейт - Бишкек - Кувейт жаңы үзгүлтүксүз авиакаттамы ачылат

5-февралдан баштап Кувейт - Бишкек - Кувейт жаңы үзгүлтүксүз авиакаттамы ачылат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учууларды Кувейттин Jazeera Airways авиакомпаниясы ишке ашырат. Үзгүлтүксүз каттам жумасына 2 жолу, дүйшөмбү жана жума күндөрү ишке ашат. Учуу узактыгы 3 саат 35 мүнөт. Ал эми 20-январдан баштап Стамбул - Бишкек - Стамбул каттамы жумасына 7 жолу каттайт. Маалыматка ылайык, учууларды Turkish Airline авиакомпаниясы ишке ашырат. 

Буга чейин аталган авиакомпания ушул каттамда жумасына 5 жолу учуп келген. Ошондой эле Россия менен да чартердик каттамдарды үзгүлтүксүз жүргүзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын Транспорт жана жолдор министрлиги билдирди.