Жаңылыктар
Жалал-Абад облусунун аймактарындагы тез жардам бөлүмдөрүнө 11 даана унаа берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад облусунун аймактарындагы тез жардам бөлүмдөрүнө 11 даана унаа берилди

Жалал-Абад облусунун аймактарындагы тез жардам бөлүмдөрүнө 11 даана унаа берилди. Жаңы унаалардын ачкычын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тапшырды. 

Белгилүү болгондой, коронавирус алгачкылардан болуп Жалал-Абад облусунда катталган. Оору менен күрөшүүдө дарыгерлердин эмгеги жана аракети чоң болду. Бирок, бейтаптарды дарылоо боюнча иш алып барууда тез жардам унааларынын жетишсиздиги чоң көйгөй жараткан. Саламаттык сактоо министри бул багыттагы шарттарды жакшыртуу максатында медициналык мекемелерге жаңы унаалар алынганын белгиледи. Тез жардам унаалары Бүткүл дүйнөлүк жана Азия өнүктүрүү банктары тарабынан берилген гранттык каражатка алынган.

“Муну менен облуста маселе чечилди деп айтууга болбойт. Тез жардам унааларына болгон муктаждык дагы да бар. Мен өкмөттүн облустагы өкүлү менен сүйлөштүм. Жакын арада дагы 110 даана тез жардам унаасын алабыз. Ал унаалар келсе, Жалал-Абад облусунун муктаж болгон аймагына бөлүштүрөбүз",- деди Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.