Жаңылыктар
Россия Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүү үчүн кезектеги гуманитардык жардам берди
Кыргызстан жаңылыктары
Россия Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүү үчүн кезектеги гуманитардык жардам берди

Россия Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүү үчүн кезектеги гуманитардык жардам берди. 

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги 15-январда Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамзаттын бакубатчылыгы чөйрөсүнө көзөмөл боюнча федералдык кызматы тарабынан COVID-19 коронавирус инфекциясын лабораториялык аныктоого 20 миң изилдөө жүргүзүү реагенти алынганын билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, гуманитардык жүк ошол эле күнү Кыргызстанга жөнөтүлгөн. Аталган гуманитардык жардамды кабыл алуучу болуп Саламаттык сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаменти эсептелет.