Каржылык кыйынчылыктарга байланыштуу Кыргызстан коронавирустан эмдей турган Американын Pfizer вакцинасынан баш тартууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.
Айтымында, вакциналар боюнча Глобалдык альянс, каражаты жок өлкөлөргө дары-дармектерди акысыз берет. Андыктан Кыргызстанга 1 млн 200 дозадагы америкалык Pfizer вакцинасын акысыз сунуштаган.
"Бирок вакцина 70 градус нөлдөн төмөн температурада сакталышы керек. Аны алып келип, сактап, элди эмдөө үчүн атайын муздаткыч керек болот. Бизде андай муздаткычтар жок. Материалы үчүн дагы 2 млн доллар керек. Бюджетте мындай акча жок", - деди министр.
Бирок учурда Россиянын өкмөтү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Тагыраагы, 500 миң доза вакцина келиши күтүлүүдө. Россиянын вакциналары -2.. -18 градус температурада сакталат.