Ата мекендик көмүр өндүрүшүнүн абалы жана аны өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүнө байланыштуу кеңешме өттү. Анда 2018-2020-жыл аралыгындагы көмүр өндүрүү жана экспорттоо боюнча маалымат угулду.
Кеңешмеде вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров көмүр тармагынын абалын жакшыртууга багытталган бир катар сунуштарды, тапшырмаларды берди. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети маалымдагандай, Бишкек Жылуулук Электр Борборуна ташылчу жергиликтүү көмүрдүн көлөмүн көбөйтүү Кара-Кече, Миң-Куш көмүр кендерин иштетүүчү ишканалардын кубаттуулугун өнүктүрүү, Кытайга, Тажикстанга көмүр экспорттоо байланыштарын калыбына келтирүү, өлкөнүн түштүгүндөгү цемент чыгаруучу ишканаларга көмүр ташуу көлөмүн кеңейтүү аракеттери бар. 2019-жылы көмүр кендерине 187 лицензия берилген, анын 114ү иштеп жатса, 71 лицензия – долбоорлоо баскычында.
2018-жылы 71 лицензия ээси келишимдин шарттарын аткарган эмес. 600 миң тоннадан ашуун көмүр казылбай калган. Кыргызстанда болжолдуу, 6 млрд тоннадан ашуун запасы менен 70 көмүр кени бар. Учурда көмүр өнөр жай корун өздөштүрүү деңгээли 0,13 пайызды түзөт.