Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан дагы Садыр Жапаровду Президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады.
“Европа Биримдигинин атынан өлкөдөгү оор кырдаалда Сиздин Президенттик кызматыңызга ийгиликтерди каалайм. Евробиримдик жакында эле түзүлгөн Өнөктөштүктү жана кызматташууну кеңейтүү жөнүндө макулдашуу принциптерине ылайык, Сиздин реформаларды ишке ашырууңуз жана өлкөңүздүн туруктуулугун бекемдеп, өсүп-өнүгүүсү үчүн Сизге жана кыргыз өкмөтүнө көмөк көрсөтүп, эки тараптуу дагы, аймактык дагы деңгээлде иштешүүнү улантууга даяр.
ЕБ биздин гүлдөп-өнүгүүбүздүн жана туруктуулугубуздун бекем тиреги экендигин далилдеген өнүгүүнүн негизги элементтери катары - демократияга, ачык бийликке жана жигердүү жарандык коомго терең ишенет. Сиздердин өлкө дуушар болуп жаткан эбегейсиз кыйынчылыктарды жакшы түшүнөбүз. Мыкты тажрыйбаларды жана билимди бөлүшүп, жардам берүүнү уланта беребиз - деп айтылат куттуктоодо.