Жалпы элдин тандоосуна ылайык учурда президенттик башкарууга шайкеш келген баш мыйзамдын долбоору дайындалууда. Эгер кабыл алына турган болсо, президент мамлекеттин да өкмөттүн да башчысы болот.
Ички саясат менен тышкы саясат, коопсуздук, экономика жана чарба бир адамдын жоопкерчилигине берилет. Ошол эле учурда өкмөттү жана президентти тейлеген аппарат кыскара турганы айтылууда.