Жаңылыктар
Ойлоп табуучулардын сынагы жыйынтыкталып, эмгеги мыкты делген 26 окуучу жеңүүчү болду
Кыргызстан жаңылыктары
Ойлоп табуучулардын сынагы жыйынтыкталып, эмгеги мыкты делген 26 окуучу жеңүүчү болду

Өлкөдөгү жаш ойлоп табуучулардын башын бириктирген сынак жыйынтыкталып, андан эмгеги мыкты делген 26 окуучу жеңүүчү болду. 

Пандемиялык шартка карабай жазында жарыяланган сынакка бардык облустардан 130 окуучу катышкан. Ойлоп табуучулардын Эл аралык күнүнө карата финалга чыккан жеткинчектер бүгүн сыйлыктарын алып, ири компаниялар менен келишим түзүп, пландарын андан ары ишке ашырууну көздөп турушат.