Эки кабаттуу жаңы имарат 198 орунга ылайыкталып, анда хареографиялык зал, билим берүүчү класстар, сабактан тышкары ийримдер үчүн бөлмөлөр жана китепкана каралган. 520 окуучуга эсептелген эски имарат 1963-жылы курулуп, азыркы күндө миңден ашык окуучу билим алат.
Муктаждыкты чечүү максатында мэриянын бюджетинен 45 миллион сом бөлүнүп, кошумча корпустун пайдубалы 2019-жылы түптөлгөн. Ишке кирген эки кабаттуу корпустун аянты 1 миң 200 чарчы метрди түзүп, сейсмологиялык жактан кооптуу жерде жайгашкандыктан, ал 9 баллдык жер титирөөгө чыдай ала тургандай салынган. Бул объектини курууда 16 миллион сомдон ашык каражат үнөмдөлгөн.
Жаңы билим уясы вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева, мэриядан жана курулуш иштерин жүргүзгөн архитектура өкүлдөрүнүн катышуусунда салтанаттуу түрдө ачылды. Вице-премьер-министр экономикадагы кыйынчылыктарга карабай, өкмөт биринчи кезекте билим берүү жана ооруканалардын курулушуна күч жумшаарын белгиледи.